Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

«Учкун» басмасы 24-мартка арналган жаңы китеп чыгарган жатат


БИШКЕК. Мамлекеттик «Учкун» басмасы «Кыргызстан. 24-март, 2005-жыл. Элдик Революция» деген аталышта китеп басып чыгарууда. Китеп жергиликтүү жана чет өлкөлүк маалымат каражаттарында жарыяланган макалалардын, интервьюлардын, баяндамалардын негизинде түзүлгөн. Анда 24-март окуясынын келип чыгыш себептери, Курманбек Бакиевдин президент болгонго чейинки жана андан кийинки кадамдары тууралуу сөз болуп, жергиликтүү жана чет өлкөлүк талдоочулардын, саясатчылардын көз караштары берилет. Түзүүчүлөр тобунун мүчөсү Бакыт Орунбековдун айтымында эртең бул китептин бетачаары болот. Буга чейин ушундай эле китепти Александр Князев чыгарып, анда 24-мартты төңкөрүш деп атаган.

XS
SM
MD
LG