Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Палестинада өкмөт курамы аныкталып, тизме автономия башчысына тапшырылды


Автономиянын болчок премьер-министри Исмаил Хания тарабынан сунуш кылынган тизмеге ылайык, өкмөттө жыйырма үч министр болот. Өкмөттү бул ирээт жакында парламенттик шайлоодо жеңип чыккан, согушчан "Хамас" уюму түзүүдө. "Хамастын" лидерлеринин бири Махмуд Захар, маселен, тышкы иштер министринин кызматын ээлейт. Палестинанын башка саясий топтору өкмөткө кирүүдөн баш тарткан. Эми өкмөт курамын автономия башчысы менен парламент бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG