БИШКЕК. Бүгүн Жетиөгүз районунун Барскоон айылында диагностикалык борбор ачылды. Жайында жол тоскон элдин бир талабынын негизинде ачылган бул борбордо Барскоон кырсыгында жапа чеккендердин саламаттыгы текшерилип турмакчы. Аны ачуууга Кумтөр алтын ишканасы 6 миллион сом бөлгөн.