Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Беларусияда оппозиция жактоочуларынын нааразылык акциясы түнү бою уланды


Башкалаа Минскинин борбордук Октябрь аянтына кечээ кечинде, маалыматтарга караганда, 10 миңден 15 миңге киши чогулган эле. Алар жекшембидеги президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына макул эместигин билдирип келишкен. Демонстранттардын бир нече жүзү түндү ошол борбордук аянтта өткөрүштү. Ал жерде бир нече чатыр тигилген. Оппозиция жактоочуларын коопсуздук күчтөрү курчап турушту. Эки ортодо кандайдыр бир олуттуу чыр-чатак орун алганы тууралуу маалымат түшкөн жок.

ЕККУнун байкоочулары Беларусиядагы бул жолку президенттик шайлоо да демократиянын стандарттарына жооп бербеди деген тыянак чыгарышты. Орусия Александр Лукашкенкону кайра шайлануусу менен куттуктаса, Кошмо Штаттар шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныбасын билдирип, добуш берүүнү кайра өткөрүү жөнүндөгү чакырыктарды колдоду. Расмий жыйынтыкка караганда, Александр Лукашенко 83%га жакын, ал эми оппозициянын башкы талапкери Александр Милинкевич 6% добуш алган. Ал шайлоонун расмий жыйынтыгын "легитимсиз" деп атап, аны өзгөртүү үчүн жактоочуларын узакка созулуучу аракеттерге даяр болууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG