Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:56

ПРЕЗИДЕНТ КАРИМОВ КАЗАКСТАН МЕНЕН АРГАСЫЗДАН АЛАКА ТҮЗҮҮДӨ


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Өзбекстандагы ырасмий сапары уланууда. Визиттин максаты коңшулаш эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууну көздөйт. Айрым байкоочулар Анжиян окуясынан кийин Батыш өлкөлөрүнүн кысмагына кабылган Өзбекстан коңшу мамлекеттер менен болгон алакасын оңдоого көңүл бурганын, Казакстан болсо Өзбекстандын ички рыногуна жана арзан продукцияларына кызыкдар экенин белгилешет.

Президент Назарбаев дүйшөмбү күнү Ташкенде өткөн маалымат жыйынында бегилегендей, 1992-жылы эки өлкө өз ара 2,7 миллиард долларга соода кылышкан болсо, өткөн жылы бул көрсөткүч араң 500 миллион долларды түзгөн. Ошондуктан, Өзбекстан жана Казакстан өз ара соода-экономикалык алыш-бериштүү жакшыртуу максатында Мамлекеттер аралык координациялык кеңеш түзө турган болушту. Анткен менен, айрым байкоочулар Өзбекстандын Казакстан менен кызматташууну жакшыртуу ыкласы биринчи кезекте тышкы саясый жагдайга байланыштуу экенине көңул бурушат. Алматылык серепчи Досум Сатпаевдин айтымында Өзбекстан узак жылдар бою өз коңшуларын этибарга албай, АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү менен тыкыс мамиле курууга утулуп жүрдү. Бирок, Анжиян калабасы бул мүдөөнү таш каптырды. Азыр Өзбекстандын экономикасы өтө оор абалда экени жалпыга маалым. Өзбекстан жакында Россия жана Казакстандын көмөгү менен Евразия экономикалык шериктештигине кирди. Президент Назарбаев сапар учурунда Өзбекстандын экономикасы тышкы рынокко канчалык ачык экенин байкап-билүүгө аракет жасайт. Себеби, казак ишкерлери узак мезгилден бери Өзбекстанга кире албай жүрбөйбү.

Өзбекстан ички базарына казак капиталын киргизбей жатканына президент Назарбаев да токтолуп, Ташкен бут тоспосо, казак компаниялары Өзбекстандын экономикасына инвестиция салууга ынтызар экенин, өзбек эмгек мигранттарына ырасмий Астана шарт түзүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми карапайым жарандар баарынан да чек аранын ачык болуусун каалаша турганын “Азаттыктын” кабарчысы өткөргөн сурамжылоо көрсөтөт. Казакстандык өзбек киши чек арадагы кыйынчылыктар үчүн Өзбек бийликтери күнөөлүү деп санайт:

-Өзбекстандын чек арасы мени аябай кыйнады. Менин балдарым, кудаларым Юнусабадда турушат. Аларга барып, көрүшүп келсем деп жүрөгүм эңсейт. Эки президент чек араны ачып койсо, биз туугандарыбызга эркин каттап калмакпыз. Чек арадагы абал үчүн мен Казакстанды күнөөлөбөйм. Мен эчен ирет Өзбекстанга өткөнүмдө, биздин өзбек туугандар мени бир топ кыйнап коюшат. Мен президент Каримовго: Аке, биз өзбекпиз. Каныбыз бир, жаныбыз бир. Денебизде өзбек каны агып турат. Бизди эмнеге эле мындай кыйнайсыз, -деп коркпостон айтмакчымын.

Атын атабаган казакстандык өзбек аялдын кеби:

-Азыр менин жүрөгүм безилдеп турат. Бажыканада бизди эки саат кармашат. Менин паспортумда Өзбекстанда туулганым жазылып турат. Ата—энем, агаларым Өзбекстанда жашашат. Урук-туугандарымдан бөлүнүп калбас үчүн аларга барым турушум зарыл. Жамандык-жакшылык деген болот. Чек арада апамды көргөнү баратам десем, апаң бар экенин тастыктаган документ көрсөт дешет.

Башка бир аялдын тилеги:

-Падышалар Каримов менен Назарбаевден эки мамлекет ортосундагы жолду ачып койгула, ортодо чек ара болбосун деп өтүнөөр элек. Биз өз ара жандаш-кандаш, кудаа-сөөк, урук-тууган болуп кеткен элбиз го.

Ал эми “Адилет Казакстан үчүн” кыймылынын активисти Маржан Испандиярова президент Назарбаевдин визитинен кийин Казакстан- Өзбекстан арасындагы мамиле тез оңолуп кетээрине ишенбейт:

-Мен бул визиттен көптү деле күтпөйм. Менин оюмча, бул мурдакы социалисттик, азыркы тоталитардык эки өлкөдөгү эки эски тааныштын жолугушуусу болууда. Декларация сыяктуу документке кол коюлганы менен, эки өлкөнүн карым-катнашынын өнүгүүсүнө тоскоол болуп жаткан чек ара жана бажы маселеси боюнча эч нерсе жасала элек. Бийликте элдин камын ойлобогон адамдар отурушкандыктан, бир нерсе жакшы жагына өзгөрөөрүнө көзүм жетпейт.

XS
SM
MD
LG