Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : ЫЙЫК ПАТРИКТИН КҮНҮ


ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Ушул күндөрү Ыйык Патриктин күнү белгиленип жатат. Ыйык Патрик 5-кылымда Ирландияга христиан динин алып келген, бирок бүгүн ага багышталган күн – дүйнөдө жалпы эле Ирланд элинин маданиятын даңазалаган күнгө айланган. Жүздөгөн жылдар эли ачарчылыктан туш тарапка чакырап, өз алдынчалык алгандан тартып, протестант, католик болуп өз арасында ондогон жылдар согушуп, англисче сүйлөп калган бир ууч эл кантип бүт дүйнөгө таанылды? Мен ирландиялык сүрөтчү жана музыкант Ноел О-Браянга ушул суроо менен кайрылдым. Обраян Прагада алгачкы ирланд барын ачууга көмөктөшүп, Чех жумуриятындагы эң алгачкы ирланд музыкалык тобуз түптөгөн. Ноелдин айткандары мага кудум эле кыргыздардын бүгүнкү күнүн эске салды!

НОЕЛ О-Браян: - Ирланддар дээрлик 80 пайызы өз эне тилинде сүйлөгөн, бирок 1840-жылдардагы ачарчылыкта калктын үчтөн бири кырылып калган, дагы үчтөн бири кекиртектин айынан жер кезип кеткен. Ошентип, калк 8 миллиондон 4 миллионго азайган. Британиянын колониясы болуп, ирланд тилинде аз сүйлөп калышкан. 1921-жылдагы көз карандысыздыкка чейин ушундай болчу. Кийин, 60-жылдары элдик музыка жанданды. 90-жылдары экономика оңоло баштады. Эмиграция токтоду, элетте жаштардын өзүнө болгон ишеними бекемделип, алар ирландча сүйлөй башташты. Ирланд тилинде сыналгы обого чыкты.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Тилдин жанданышында маданият негизги ролду ойногон. Чет жактарга миллиондоп тентип кеткен ирланддар бирок дал ошол эмиграцияда өз маданиятын дүйнөгө тааныткан!

НОЕЛ О-БРАЯН: Маданий кайра жаралууга эмиграция салым кошкон. Айдын да эки тарабы болбондой, англис тилинин кереги тийди.Ырлар англисчеге которулуп, кеңири таркады. Ошондой эле ирланддар өз салттарына кызыгып, терең түшүнгөнгө умтула башташкан. Эң алгачкы ирланд музыкасы аудио кассеталарга Америкада жазылып, Ирландияга келген. Ошондо ирланддар "Эгер биздин музыкага америкалыктар кызыгып жатса, анда биз сыймыктанышыбыз керек!" деп ойлоп калышкан.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Колдо бар алтындын баркы жок деген ушул турбайбы!
XS
SM
MD
LG