БИШКЕК. Орусиянын «Независимая газетасы» бүгүнкү санына Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев менен болгон маекти жарыялады. Анда Аскар Акаев жакынкы күндөрдө айрым маалымат каражаттарына берген маектеринде айткандарын кайталап, былтыр өлкөдө элдик ыңкылап эмес, мамлекеттик төңкөрүш болгонун, бир жыл ичинде өлкөдө алга жылуу байкалбай жатканын белгилеген. Ошондой эле 24-март көптөгөн кыргызстандыктар үчүн майрам эмес, кайгылуу күн катары эсте калганын айткан.