БИШКЕК. КМШдагы айрым мамлекеттерде инфляция өсүп атканына карабастан Улуттук банк сомдун курсун туруктуу кармап турганга аракет кылат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы бүгүн Азаттыкка билдирди. Соңку үч ай ичинде Кыргызстанда да доллардын сомго карата наркы бир аз көтөрүлдү. Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Максатбек Ишенбаев бүгүн “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын өткөрүп, соңку үч ай ичинде жасалган иштер боюнча отчет берет.