БИШКЕК. Өкмөт башчы Феликс Кулов бир миллиард доллардан ашуун карызды кечүүнү караган Хипик демилгесине өлкөнүн катышуусу тууралуу билдирүүгө кол койгонун Улуттук банк төрагасынын милдетин актаруучу Максат Ишенбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, келишимдердин негизинде алынган карыздар кечиле турган болсо 2045-жылга чейин өлкө бир миллиард доллар карызынан бошонот. Бирок, аталган программага кирген учурда Кыргызстан кандайдыр бир шарттарды, милдеттенмелерди аткарууга мажбур болот.