Анжиандагы окуялар, Ислам Каримовдун айтымында, Өзбекстандын аймагында кимдер кандай максаттарды көздөп жатканын ачык көрсөттү. Бу жагынан бир өлкөнүн өзгөчө ынтаасы байкалды, бирок ал кайсы өлкө экенин айтпайм, деди Каримов 20-марттагы маалымат жыйынында.
Кийин бул оюн ал казак президенти Нурсултан Назарбаев менен апта башында Ташкенде өткөргөн сүйлөшүүлөрдө да кайталады:
- Белгилүү бир тышкы күчтөр улуттук таламдарыбыз менен эсептешпей, демократияны жана эркиндикти жайылтуу мүдөөсүнө жамынып алып, өздөрүнүн алысты көздөгөн геосаясий максаттарын жүзөгө ашырууга умтулууда, мындай аракеттер региондо коопсуздукту жана стабилдүүлүктүү чыңдоого жардамдашпайт.
Каримовдун айтымында, өзбектер деле батыштагылардай, европалыктардай эле демократиялык өлкөдө жашагысы келет.
Бирок, анын оюнча, Батыштын модели Өзбекстанга таптакыр ылайык келбейт.
- Бизде калктын 85 проценти мусулмандар, алар исламдын асыл-нарктарын тутунат. Батыштан биздин башкы айрымабыз мына ушунда, - деп айтты Каримов.
Өзбек өкмөтүнүн соңку кездеги кадамдары ырасмий Ташкен Батыштын “маалымат согушуна” каршы өз пландарын түзүп чыкканын көрсөттү. Баарыдан мурда чет элдик маалымат компаниялары, аларга иштеген журналисттер үчүн эрежелер, тартиптер өзгөртүлдү. Натыйжада чет элдик айрым медиакомпаниялар Ташкендеги кеңселерин жапканга, кабарчыларын Өзбекстандан чыгарып кеткенге аргасыз болушту.
Журналисттерге, жакында Ташкенде болуп келген немец эксперти Корнелия Рабитц ырастагандай, көчөлөрдө, базарларда, башка коомдук жайларда ички турмуштун маселелери боюнча деле репортаждарды уюштурганга, адамдардын ой-пикирлерин сурап кайрылганга тыюу салынды.
Маалымат каражаттарынын соңунан өзбек өкмөтү укук коргоочу, бейкоммерциялык эл аралык бир нече уюмдун ишин токтотту.
Өткөн аптада болсо Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссариаты да ушундай көрсөтмө алды.
“Комиссариат Өзбекстанда өз милдетин толук аткарып бүттү, эми ага бу жерде башка иш калган жок”, деп айтылат өлкөнүн тышкы иштер министрлиги жарыялаган билдирүүдө.
Комиссариат былтыр анжиандык 400дөн ашуун качкынды Кыргызстандан Румынияга чыгарып кеткен эле. Өзбек бийликтеринин соңку чечими ушуга байланыштуу болушу керек.
Акырында президент Каримов Өзбекстанды атайылап жаманатты кылгысы келип жатканы үчүн Дүйнөлүк банкты да сынга алды. Каримовдун айтымында, “банк бул жакка жөн жиберилген жок, анын да көздөгөн кыйды пландары бар”. Бирок ал кандай пландар экенин өзбек президенти тактаган жок.