Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

ОРУСИЯЛЫК ШАМАНДАР ӨЛКӨНҮН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНЕ ЭЛ АЛДЫНДА КЕЧИРИМ СУРОО ТАЛАБЫН КОЮШУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Тува жумуриятынын шамандары аларды Орусиянын вице-премьери Сергей Иванов ойсоке келиндерге теңегени үчүн кыжырлары кайнаганын билдирген. Агенттиктер жазганга караганда 10-март күнү Сергенй Иванов жыйын алдында «Кээде акылга сыйбаган жагдай пайда болот. Көп учурда гезиттерге жакшы макала басылып анын жанына ойсокелер, шамандар, дагы башка акырчикир басылат», - деп айткан. Ошол эле күнү Туванын жогорку шаманы Монгуш Кенин-Лопсан министр Ивановго кат жазып, көпчүлүк алдында анын кечирим суроосун талап кылган.

Орусиялык шамандарды маскөөлүк чиновниктер кемсинтүүсү мурда деле болчу дешет. Бирок 10-мартта Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун оозанган сөзү алардын чучугуна жеткендей болду дешет. Сексендин белин ашкан, тарых илимдеринин доктору, тувалыктар бүт өмүрү шаман болсун деп жактырган, Тува жумуриятынын жогорку шаманы Монгуш Кенин-Лопсан ошол эле күнү кат менен Ивановдун өзүнө кайрылган. Анын биздин радиого айткан пикиринде Орусия империя болуп турганда да советтик кезде да шамандарды мындай кемсинтүү болгон эмес:

«Шамандар үчүн Орусиянын премьер-министри Сергей Ивановдун кейпиндеги оттой коркунучтуу сыркоо аты табылды. Шамандык – бул адам баласынын тарыхындагы эң адамгерчиликтүү диний тармак. Иванов бул жарыясы менен аларды (шамандарды – ММ) ойсеке келиндерге теңеди», - дейт Тува жумуриятынын жогорку шаманы.

Теги жагынан түрк эли болуп туруп, өздөрүн тыва деп атачу, ырасмий түрдө Тува болуп жазылчу жумуриятта азыркы тушта каттоодон өткөн алты шамандык диний уюм бар экен. Алардын алдында 300гө чукул шамандар иштейт.

Тувалык шамандарга ал жумурияттан Федералдык советке шайланган сенат Людмила Нарусова болушууда. Ал кеткен аптада Ивановдун маалымдоо катчысы менен телефондошуп министрдин тувалык шамандар алдынан кечирим суроосун өтүнгөн. Кечөө «Азаттыктын» кабарчысына айткан жообунда Нарусова айым: «Мен билгенден коргоо министри кебин кайтарып ала элек. Миңдеген кишилер ишеними арткан динге (шаманизмге – ММ) тил тийгизүүгө кандай даражада болбосун чиновниктин акысы жок», - деди.

Анализчи Дмитриев айтканга караганда шамандыкка табынуу байыртан келаткан көрүнүш:

«Бул (шамандык – ММ) диний башаты байыркы заманда. Анын башаты көптөгөн дүйнөлүк диндерден да байыркы заманда», - дейт биздин радио жөнөткөн суроого айткан жообунда.

Агенттиктер тапкан маалыматта, премьер-министр Сергей Иванов 21- мартта Краснояр крайында «шаман» деген сөздү «алдамчылар» деген мааниде айткамын деген, бирок эл алдынан кечирим суроо коюу турасында ооз ачкан эмес. Ошондуктан шамандарды андай жооп ыраазы кылган эмес. Ал жумурияттагы «Азаттыктын» кабарчысы Александр Филатенко айтканга караганда тувалыктар кыжыры мурдагыдан күчөп кайнаган:

«Дунгун» шамандык коомчулугу алгачкылардан болуп министрдин сөзүнө нааразы экенин билдирди. Ал уюм башчысы Баис шаман эгерде Иванов мырза ырасмий түрдө кечирим сурабайт экен, анда шамандыкка табынган жумурияттардын калаалары, кыштак жана элет жерлеринде жашагандар Даниядагыга окшогон башаламандыктар чыгарууга дейре барышы мүмкүн деп коркутту», - дейт биздин кабарчы.

Кайсы бир шаманчылар айтканга караганда алар таянган диний тармакты шылдыңдоо же кемсинтүү баарыдан мурда шамандыкка ишенген элди мазактоо болуп кабылданат. Шамандыкты нагыз элдик диний ишеним деп эсептеген В. Сажина айтканга караганда: «Орусиянын чегинде азыркы тушта Бурятстан, Калмакстан, Саха (Якутия), Тува жумурияттарында жана Чукоттук автономдук округда шамандык диний тармак өкүм сүрөт».
XS
SM
MD
LG