Эл аралык мунапыс Беларусиянын бийлигин президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан тынч нааразылык акциясынын катышуучуларын камаганы жана ур-токмокко алганы үчүн айыптады. Башкеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм жергиликтүү укук коргоочуларга таянып жарыялаган маалыматка караганда, өткөн жекшембиден бери башкаала Минскиде камалгандардын саны кеминде 128ке, өлкө боюнча 400гө жетиши мүмкүн. Минскиде болсо нааразылык акциясы уланып жатат. Шаардын борбордук аянтында тургандар жекшембидеги президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына макул эмес жана добуш берүү кайра жүргүзүлүшүн талап кылууда. Аянтта төртүнчү түндү бир нече жүз адам өткөрдү.
Президент Александр Лукашенкого оппозициядан башкы атаандаш болгон Александр Милинкевич жактоочуларын алдыдагы ишембиде ири демонстрацияга чакырды, бирок мындан жыйынтык чыгуусу арсар экенин да моюнга алды.