Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Жалалабат шаарынын борбордук аянтына «Ыңкылап аянты» деген ат берилди


ЖАЛАЛАБАТ. Былтыр 4-марттан 25-мартка чейин экс-президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн талап кылып эл нааразылык акцциясына чыккан аянт Жалалабат шаар кеңешинин чечими менен Ыңкылап аянты деп аталды. Театрлаштырылган оюн-зоок Аксы окуясынан тартып бийлик алмашканга чейинки элдик маанай жана милиция менен элдин кагылышын чагылдырды. Аянтка чыккандар сары, роза түстүү жагоолорду байланышып, адилеттик шайлоо менен эски бийликтин кетүүсүн талап кылган сары, кызыл тасмаларды көтөрүп жүрүштү. Облустагы чегара, ички иштер, чукул кырдаалдар министрликтеринин жоокерлери жана ыңкылапчылар параддан өтүштү. Телторо атмайданы менен бактарда эр оодарыш, кыз куумай, тогуз коргоол өңдүү спорттук мелдештер болуп өттү.

XS
SM
MD
LG