Европа Биримдиги менен АКШ жетекчилиги Беларуска каршы жаңы чектөө киргизиле турганын билдирди. Австриянын тышкы иштер министри Урсула Плассник болсо, Минскиде камакка алынган адамдын баарын бошотууну талап кылды: "Камакка алынган адамдардын баарын биз күтүүсүздөн бошотууну талап кылабыз жана Беларус жетекчиги тынч каршылык көрсөтүп жаткандарга күч колдонууну токтотуш керек", - деди Плассник. 19-март күнү өткөн президенттик шайлоодон кийин Беларуста 250гө жакын адам кармалды. Бүгүн Минскиде оппозиция ири митинг өткөрүүгө даярданууда.