Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Украина бүгүн парламенттик шайлоо өткөрөт


Бүгүн (26-мартта) Украинада парламенттик шайлоо өткөрүлмөкчү. Саргылт ыңкылаптын жеңишинин аркасында президент Виктор Ющенко бийликке келгенден бери алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан бул парламенттик шайлоо президент үчүн өтө олуттуу сыноо болмокчу. Жайлап калган реформа жараяны, экономикадагы кыйынчылыктар үчүн президентти курч сындап жаткан украиндердин бир кыйла бөлүгү өткөн президенттик шайлоодогу Ющенконун башкы атаандашы Виктор Януковичтин “Аймактар партиясын” колдоп чыгышы ыктымал экендиги жоромолдонууда. Жалпысынан, 45 партия менен саясий блок парламенттик орун үчүн ат салышууда, бирок, байкоочулардын баамында, партиялардын басымдуу көпчүлүгү 3 пайыздык өткөөл көрсөткүчкө караандабай калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG