Бул чечим келерки аптада дагы жаңы нааразылык акцияларына жана иш таштоолорго жол ачууда. Кесиптик кошуундар колдогон студенттер өкмөттөн жаштарды иштен бошотууну жеңилдеткен жаңы мыйзамды күчүнөн кетирүүнү талап кылышууда. Нааразылык акциялары эки жумадан бери уланууда, Париждин борборунда бир нече жолу полиция менен кагылышуулар болду.