450 депутат бу жолу биринчи ирет партиялык тизме менен беш жылга шайланат. Депутаттык орундарга 45 партия жана шайлоо блогу атаандашууда. Добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык үч жарым миңдей байкоочу көз салууда, КМШнын байкоочулары бул жолу чакыруу алышкан жок. Улуттук парламентке катарлаш бүгүн бардык 25 областтын кеңештери,Киевдин шаар башчысы шайланат.