Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

КЫРГЫЗСТАНДАН ПРЕЗИДЕНТ КАЧКАНГА БИР ЖЫЛ. ЛУКАШЕНКО САМАГАНЫ. ЕВРОПА ҮСТҮНӨН УЧУП ӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНГАН 92 УЧАКТЫК КОМПАНИЯ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

Кыргызстандан президенти качканга бир жыл болду деген шаанидеги макаланы «Время новостей» (24.03.2006) жарыялады.
Ал жерде 24 март Кыргызстанда жаңы майрам күнү болуп жарыяланышы кеп болгон. Бир жыл мурда «элдик башаламандык чыкканда өлкөдөн Аскар Акаев качкан» , - деп жазат Аркадай Дубнов. Оппозициячылар асмандан тилегени жерден табылгандай иш болгон. «Ошол күнү көп жылдар абакта жаткан мурдагы вице-президент Феликс Куловду анын жаатташтары бошоткон… Эки айдай өткөндө, президенттик шайлоо өтөрдө, Феликс Кулов менен Элдик кыймылдын жетекчиси, мурдагы премьер Курманбек Бакиев шайлоого бирге талапкер болуш үчүн бир келишимге келишкен. Жыйынтыгында Кыргызстанда биргелешип бийликке шайланууну жаратты.Бакиев - жогорку орун президенттикти, Кулов - өкүмөт башчылыкты ээлешкен. Натыйжада түндүк- түштүк жаатташуу чийинден тышта калды», - деп жазат басылма.

Макалада жаңы бийлик учурунда да оппозиция абалына токтолуп аны талдоого алган жеринде: «Роза Отунбаева кийинки учурда кишилер жашоо тиричилиги кыйла оорлоп кеткенине карабай (жаңы бийлик – ММ) театрлаштырган салтанатка, аскерий парадга короткон ири каражатар уялтат деди», - деп жазат.

Мурдагы президент Акаев 24 марттагы окуяны Кыргызстанда чыккан ыңкылап деп эсептебей тургандыгын да жазган.

«Правда» (23.03.2006) Минскиден алып, Беларус жумуриятында 19-мартта өткөн президентти шайлоону Лукашенко кантип талдоого алганын чагылдырган макала баскан. Анын айтканына караганда «дүйнөдө үстөмдүк орнотууга умтулгандар саясий технология жардамы менен мамлекеттерди жок кылып, аларды эгемендүүлүгүктөн тумалак ажыратып, элдерин көзкарама кылып, экономикасын, маданиятын бузуп, жат мыйзам астында жашоого зордошот. Ушул жол менен алар Югославия, Грузия, Украина, Кыргызстандын сазайын колуна беришкен. Беларус андай жаңы глобалдаштырууну токтотту!», - деген. «Түстүү ыңкылаптар» жугуштуу оору. Ал баарындан мурда мамлекетте бийликтегилер паракорчулукка малынышканда пайда болот», - деген беларустук режим атасы.
Кебинин этек жагында «дүйнөлүк үстөмдүк» орнотсом деген - АКШнын жетекчилиги, анын тизгинин кагып койгудай күч жок. Советтер Союзу жок!», - деген Лукашенко

«Газета.ру» жазганга караганда беларус социалдык-демократиялык «Грамада» партиясы Александр Козулиндин жоголуп кетишинен улам прокуратурага кайрылган. 19-мартта өткөн шайлоодо президенттик орунду талашкандар бири Козулин алдыңкы күнү оппозициячылдардын уруксаты жок көчөгө чыгуусуна катышкан экен. Ал жерде аны Беларус ИИМ тандалган аскерлери кармап, токмоктоп туруп белгисиз жакка алынып кеткен экен. Бирок ошол бойдон дайыны табылбай аткандыктан бийликке кайрылуу жазалганы айтылган.

Үчүнчү күнү Европалык комиссия 92 авиакомпаниялар учактарына мындан ары Европа жери менен учуп өтүшүнө тыюу салган жарыя таркаткан. Бул туурасында «Российская газета» (23.03.2006) жазат. «Евробиримдиги ава мейкиндигин жаап алды» деп аталган ошол макалада алгач болуп Кыргызстандын Фоеникс Авиейшн (Phoenix Aviation) жана Рем Эйр (Reem Air) ошондой эле Казакстандык БиЖиБи Эир (BGB Air) жана ЖиЭсТи Аэро Эйр (GST Aero Air) учактык комапаниялары аталган.
Тыюу салуу тизмесине Конго демократиялык жумуриятынын учактык компанияларынын жарымы, Экватордук Кениянын – 11, Свазиленддин – 6, Либериянын – 3 ошондой эле Түндүк Корей, Ооганстан, Тайландын учактары алынган. Европалык эксперттер учактардын эскириши, техникалык жактан начар тейлениши батыштагылар үчүн коркунуч туудурат деп тыюу салышкан. Европанын авасы менен келүүчү коноктор учактары, эгерде алар талапка ылайык болсо, анда аларга салынган тыюуну алып таштоо ар бир үч айда болуп турары да жазылган.
XS
SM
MD
LG