Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Украинада өткөн парламенттик шайлоодо Региондор партиясы жеңиши мүмкүн


Украинада кечээ өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары азыр эсептелинип жатат. Шайлоо чөлкөмдөрүнөн эми эле добуш берип чыккан адамдар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, биринчи орунда Виктор Януковичтин Региондор партиясы келатат. Орусияга ык алган бул партияга шайлоочулардын 31 пайызга жакыны добушун бергени айтылууда. Экинчи орунда 24 пайызга жакын добуш менен Юлия Тимошенконун блогу турат. Ал эми азыркы президент Виктор Ющенконун “Биздин Украина” партиясы болгону 13 жарым пайыздын тегерегинде добуш топтоп, үчүнчү орунду ээлегени кабарланууда. Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович жаңы өкмөттү курууга даяр экенин билдирди жана буга башка партияларды да кошулууга чакырды. Ал эми Юлия Тимошенко парламентке өтүүдөгү 3 проценттик барьерге туруштук бере алган социалисттик, коммунисттик партияларды жана “Биздин Украина” партиясын биригип, өкмөттү курууга чакырды. Эгерде буга алар макул болушса, В.Януковичтин партиясы дагы эле оппозицияда калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG