Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Жалалабатта шарп ылаңы чыкты


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Базаркоргон районунда ылаңдаган 18 уй текшерилип, 5 уйдун шарп оорусуна чалдыкканы анык болду. Ветеринария башкармасынын 27-марттагы маалыматы боюнча оорулуу мал соодагерлик кылган жеке ишкерге тиешелүү. Ал киши малды Өзбекстандан сатып алганын айткан. Дарт жуккан уйларга зарыл дары-дармектер берилип, эт, сүт базарлары көзөмөлдө турат. Шарп ылаңын жайылтпоо үчүн алдын алуу иш аракеттери көрүлүп, райондогу мал базары убактылуу жабылган.


Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 28-мартта Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+18 градус.
Чүйдө түнкүсүн +3...+8, күндүз +14...+19 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...+2 градус, күндүз +11...+16.
Нарын облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз +8...+13 градус.
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +16...+18 градус.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG