Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

УКРАИНА ДОБУШТАРДЫ САНАП ЖАТАТ


Украинанын президенти Виктор Ющенко бүгүн жаңы парламентке өткөн партиялардын жана блоктордун лидерлери менен консультацияларды өткөрөт. Негизинен Жогорку Радада парламенттик коалиция түзүү тууралуу кеп болот. Добуштардын баары бүгүн ашып барса түшкө чейин толук саналып бүтүүгө тийиш.

Байкоочулар Виктор Януковичтин региондор партиясы добуштардын саны жагынан алдыга чыгарынан,андан кийинки орун Юлия Тимошенконун блогуна тиеринен шектенбей калышты. Ал эми президент Ющенконун «Биздин Украинасы» үчүнчү орундан өйдө көтөрүлө албайт болуу керек.

Бирок коалицияга кимдер кирери али белгисиз. Жергиликтүү эксперттер парламенттик көпчүлүктү президент Виктор Ющенконун «Биздин Украина» блогу менен Юлия Тимошенконун блогунан жана социалисттерден кураларын болжолдошууда. Экинчи бирөөлөр эгер кокус Виктор Януковичтин партиясына жалаң оппозициянын гана озуйпасы тийсе,анда кайрадан саясий жаатташмай баштылышы мүмкүн, ошондуктан башка варианттар да болушу ыктымал дешет.

Виктор Ющенко кечээ шайлоонун жалпы жыйынтыгына коомуту толгонун белгиледи. “Шайлоодо бир гана жеңүүчү болду, ал – эл,жалпы коом”, деп айтты ал.

Эл аралык байкоочулар миссиясы да шайлоого жакшы баа беришти. Киевде жарыя кылынган алгачкы билдирүүдө шайлоо ОБСЕнин,Европа кеңешинин стандарттарына ылайык, демократиялык мүнөздө өткөнү айтылат. “Бу шайлоону эркин жана адилет деп гана мүнөздөй алабыз,анын анык жеңүүчүсү эл болду”, деп айтты ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынын төрагасы Элси Хастинг.

XS
SM
MD
LG