Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

2001-жылдын 11-сентябрындагы террор актысына тиешелүү жаңы кабар айтылды


Нью-Йорктогу теракт боюнча соттолуп жаткан жалгыз айыпталуучу Закариа Муссауи: “Негизи, план боюнча Дүйнөлүк Соода борборунун имаратына урулган учакты мен башкарышым керек эле”, - деп билдирди. Улуту боюнча француз Муссауи өзү ал террор актысынан бир ай мурдараак иммиграция мыйзамын бузганы үчүн кармалган. Бирок кечээ сот учурунда айтканына караганда, “Ал-Каида” террор уюмунун анабашчысы Усама бин Ладен ага: “Учакты Ак Үйгө буруп, аны жардырып жибересиң”, - деп буйруган экен. Буга чейин ал “11-сентябрдагы террор актысына эч кандай тиешем жок”, - деп, бүт күнөөлөрдү четке кагып келген эле.

--

XS
SM
MD
LG