Командачылык бул билдирүүсүн бүгүн таратты. Кечээ Иракта башкаруучу шийи альянсы америкалык аскерлерди “өткөн жекшембиде шийилердин мечитинде куралсыз адамдарды таш-боордук менен өлтүрүштү” деп айыптаган эле. Альянс: “эми Иракта көзөмөлдү жергиликтүү өкмөт эле өзүнө алганы оң”, - деп эсептей турганын билдирген. Жекшембиде шийилердин мечитинде чынында эмне болгону азырга чейин дайын эмес.
Анын аралыгында кечээ Багдатта соода компаниясында иштеген 16 кызматкерди уурдап кетишти. Ал эми Рамади шаарында болсо университеттин президентин барымтага алышты. Мосул шаарына жакын жердеги аскерий базада жардыруу болуп, 40ка жакын адам көз жумду, дагы 30 киши жабыркаганы кабарланууда. Мындан мурдараак ракета чабуулунан Багдатта кеминде жети адам өлүп, 20дайы жаракат алган эле.