Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

ЭКОНОМИКА ЖАҢЫЛЫКТАРЫ : ЯПОНИЯ МАМЛЕКЕТТИК ЧЫГЫМДАРДЫ КЫСКАРТАТ. КЫТАЙДА ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ 8,9 ПАЙЫЗГА ЧЫГАТ. АЛТЫН КЫМБАТТАДЫ. МУНАЙ БААСЫ ТОКТОДУ


Япон парламенти премьер-министр Юничиро Койзуми мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу планын бекитти

Дүйшөмбү күнү япон парламентинин Жогорку палатасы өпчүлүк добуш менен 2006-чы финансылык жылда мамлекеттик чыгымдарды 3 процентке же 686 миллиард долларга кыскартуу жөнүндө мыйзам кабыл алды. Мыйзамды мурда Өкүлдөр палатасы бекиткен. Японияда финансылык жыл 1-мартта башталат.
Бюджетте жаңы заемдер 30 триллион иенеге аз чыгарылаары каралган. Бул өкмөт карыз алууну 30 триллионго кыскартат дегенди билдирет.

Декабрда япон өкмөтү аскерий чыгымдар жана чет өлкөлөргө көрсөтүлчү жардам кыскартылаарын, бирок киреше салыгы көбөйтүлө турганын эскерткен
Койзуминин өкмөтү эми администартивдик жана фискалдык реформа боюнча талкууну баштайт. Анын максаты бюджеттен каржыланган мекемлердин жана мамлекеттик чиновниктердин санын кыскартуу.
Азыр Япониянын мамлекеттик карызы ички дүң продукциядан 1, 6 эсеге көп.


2006-жылы Кытайдын экономикасы 8, 9 процентке өсөт деп болжолдонууда

Былтыр өлкөнүн экономикасы 9, 9 процентке өскөн. Бул жөнүндө Кытайдын Улуттук банкы маалымдады. 2004-жылы Кытайдын экономикасы 10, 1 процентке өскөн. Ырасмий Бээжин турак жай курулушуна, экологиялык таза долбоорлорго,ошондой эле металлургия жана цемент өндүрүшүнө инвестиция тартуу үчүн өнөр жайдын башка тармактарынын ылдам өстүрбөө аракетин кылууда. Ошон үчүн, өкмөттүн беш жылдык планы боюнча 2010-жылы орточо экономикалык өсүш 7, 5 процент болуш керек.


Эл аралык базардагы мунайды баасы өсүүсүн токтотту

Дүйшөмбү күнү Лондондун биржасында кардарларга май айында жеткирилчү мунайдын баасы 14 центке арзандады. Баанын арзандашына, эксперттердин айтымында, нигериялык согушчандардын мунай ишканасында иштеген үч жумушчуну бошотуусу себеп болду. Анткен менен, дүйшөмбү күндүн таңында Нью-Йорктун биржасында мунай 12 центке кымбаттап, 64 доллар 38 центке чыккан. Бирок, баа түштөн кийин 22 центке ылдыйлады. Бир баррель 139 литрге барабар.
17 - мартта Нигерияда италиялык ENI мунай компаниясынын кууруна чабуул жасалгандан кийин, өлкөдө кара май өндүрүү 75 миң баррелге кыскарган. Ошондон улам, ENI компаниясы айрым келишимдер аткарылбай калаарын эскерткен болчу.


Бүгүн АКШнын Улуттук банкы долларынын кубатын аныктоочу чечим кабыл алат

АКШнын Борбордук банкын эки күндүк жыйыны өтүүдө. Шейшемби күнү аяктачу жыйында банк жетекчилиги насыя акчага төлөнчү кайтарым пулдун процентин 4, 75 процентке чейин көтөрүү жөнүндө чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.


Алтындын баасы 10 долларга кымбаттады

Кечээ Гонкогдун биржасында бир унций алтындын баасы 559 доллар 70 центке чейин жетти. Бул жума күнгө салыштырганда дээрлик 10 долларга кымбат.
1 унций 31,1 граммга барабар.

XS
SM
MD
LG