Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

ФРАНЦИЯДА ЖАЛПЫ УЛУТТУК ИШ ТАШТОО ЖҮРҮП ЖАТАТ


Францияда бүгүн жалпы улуттук иш таштоо башталды. 10 миңдеген киши көчөгө чыгып, жаштарды ишке алуунун тартиби боюнча жаңы мыйзамга нааразылык билдирет деп күтүлүүдө.

Оливер бүгүн Париждин Гарду Норд темир жол бекетинен жолго чыкмак, бирок бүт өлкөнү каптаган жалпы улуттук иш таштоого байланыштуу жолдон калып калды. Ошентсе да анын ашыкча кабатырланганы байкалган жок. Тескерисинче "эч нерсе эмес, баары жакшы болот, жаңы мыйзамдан кийин да жашоо бар" десе, жанындагы дагы бир жүргүнчү иш таштоону колдой тургандыгын билдирди.
Бүгүн таң эртең менентен Францияда ондогон шаарларда коомдук унаа үзгүлтүккө учурап, учактардын ар бир үчүнчүсү учпай калды. Транспортчулардын кошулушу бир нече жумадан бери демонстрацияга чыгып келаткан жаштарга дем бергендей болду. Мектептер, почта, банктар, өкмөттүк мекемелердин иши үзгүлтүккө учуроодо. Гезиттер жарык көргөн жок. Студенттер менен жумушчулардын түштөн кийинге белгиленген массалык демонстрацияларында тартипти камсыз кылуу үчүн Парижде миңдеген кошумча полиция күчтөрү жайгаштырылды.

Асас университетинин студенттик биримдигинин президенти Талиа Бретон Азаттыкка жаштар аларды ишке алуу боюнча жаңы мыйзамга каршы чыгып жатышканын мындайча билдирди:
- Жаштарды оор абалга калтырган жумуш келишиминин күчүндө калышы тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Эмне үчүн жаштарга эч себепсиз, дээрлик эскертүүсүз жана компенсациясыз иштен алына турган келишим таңууланып жатат, биз муну түшүнбөйбүз. Мындан тышкары, алгачкы иш келишими тууралуу (жаңы) мыйзам бүт коомду кыйын абалда калтырат.

Сөз болуп жаткан мыйзам ишканаларга 26 жашка чейинки курактагы жумушчуларды алар ишке киргенден кийинки эки жыл ичинде, себебин түшүндүрбөстөн бошотуп салууга укук берет. Өкмөттүн ишениминде, бул мыйзам ишканаларга жаштарды ишке алууну жеңилдетет, бирок нааразылар мындай чара жаштардын арасындагы жумушсуздукту азайтпайт, болгону социалдык коргоону кыскартат деп эсептешет.

Францияда жумушсуздук көптөгөн жылдардан бери 10 пайыздын тегерегинде, жаштардын арасында бул көрсөткүч 20 пайызга жетет, ал эми теги бөлөк, жарды жаштардын жарымына чукулунун жумушу жок. Жумушчуларды эскертүүсүз иштен алуу Францияны Кошмо Штаттарына жакындатмакчы. АКШда жумушчулардын укуктары начар корголгон, бирок экономика өсүп жатат. Францияда бирөөнү жумуштан кетирүү үчүн мыйзам ченемдүү түшүндүрмө бериши керек болсо, Кошмо Штаттарында жумушчу бүгүн иште болсо, эртең көчөдө калышы оңой эле. Ошол эле мезгилде Америкада байлар менен кедейлердин ортосундагы айырмачылык улам тереңдеп баратат. Франциянын өкмөт башчысы студенттерге жана кесиптик кошуундарга эртең жолугушууну сунуш эткен, бирок алардын жолугушууга келээр-келбеси азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG