Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жакын арада Иран боюнча тыянагын чыгарат


АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Жон Болтондун айтымында, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши жакынкы күндөрү Иран маселеси боюнча биргелешкен билдирүүсүн жарыялайт. Кечээ Нью-Йоркто Коопсуздук Кеңештеги беш туруктуу өкүл – Кошмо Штаттары, Орусия, Франция, Британия жана Кытай – ортосунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Алар өздөрүнүн Тышкы иштер министрлери 30-мартта Берлинде жолугушканга чейин биргелешкен келишимди иштеп чыгууга аракет кылып жатышканы айтылды. Батыш мамлекеттери “Иран өзөктүк куралды жасабашы үчүн Коопсуздук Кеңеш Тегеранды катуураак кысымга ала турган чечим чыгарышы керек” деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG