Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Израилдеги парламенттик шайлоодо “Кадима” партиясы жеңди


Израилде кечээ өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун ырасмий жыйынтыктары дээрлик толук эсептелинип бүттү. Аларга ылайык, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эхуд Ольмерттин “Кадима” партиясы парламенттеги 120 орундун 28ин ээледи. Кабарчылардын айтымында, чынында, бул күтүлгөндөн төмөн дегенди билдирет. Анткен менен коалициялык өкмөттү түзүүдө партиянын маанисин арттырат. Экинчи орунга Эмгек партиясы чыгышы мүмкүн. Ал 20 орунду алды. Ал эми оңчул “Ликуд” партиясына 11 эле депутаттык орун тийди. Булардан сырткары, дагы бир нече партия парламентке өттү. Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 63%зы катышкан. Бул – Израилдин тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG