Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:12

ОРУСИЯДА УЛУТЧУЛ ЖАШТАР КЫЙМЫЛЫНА БИЙЛИКТИН ШААСЫ ЖЕТПЕЙ КАЛГАНДАЙ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

Новосибир обулустук соту кечөө жергиликтүү скинхеддик топтун бешөөн 6 жылдан 10 жылга чейин түрмөгө кесип дагы үчөөн шарттуу түрдө жоопко тартты. Алар талоончулук менен кол салышкан беренеси астында кесилишкен. Тажикстан менен Өзүбекстан жарандарына кол салышкан ал скинхеддер үйлөрүнөн экстремистик маанидеги китептердин табылганына карабай, сот аларды улутчул дешке себеп жок деген. Андан бир күн мурда Москва шаардык соту эки айча мурда жөөттөр синагогасына кирип барып кишилерди бычактаган Александр Копцевди 13 жылга түрмөгө кескен эле. Ал жолу да сот анын ишин улуттар жана диндер ортосуна чагым салуу беренеси астында кароодон баш тарткан.

Санкт-Петербургда улутчул жаштар арасында таркатылып келаткан «Көчөдө террорчулук кылуу» аталыштагы кеңеш берүү баракчасы мурунку күнү табылган. Аны адам укугун коргоочулар жааты менен журналисттер таап алышкан.

Баса, ошол күнү Петербургда тажик секелек кызды бычактап өлтүргөн боз баш балдарды сот олтурумуна катышып, айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүз экенин аныктоого көмөк көргөзүүчүлөр ал боз баш балдар жоругун энбаштык деп таап ошондон улам сот аларды актап салган эле.

Азыркы тушта «Көчөдө террорчулук кылуу» эрежесин таркаткандарды иликтөө болуп атканын Петербург калаалык прокуратурасынын өкүлү Елена Ордынская айтты:

«Кишини кантип өлтүрүүгө үйрөткөн интернет сайттын бирине илинген фашисттик макала боюнча иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша чара көрүлөт», - деди прокурордук өкүл.

Кошумчалай кетчү жери ал «кеңеште» териси кара, көзү кыйшык, иши кылып, өңү оруска окшобогон кишилерди кантип өлтүрүү жолжобосу жазылыптыр. Өздөрүн «ак туугандар» деп атагандар тобу кандай жерден өңү бурууларды аңдуу, кантип кол салуу андан кийин көпчүлүктүн арасына кантип аралашып кетүү сыяктуу «кеңештер» айтылган.

Кечөө Новосибир шаардык соту жергиликтүү сегиз скинхедге 6 жылдан 10 жылга чейин абакта олтуруп чыгуу өкүмүн чыгарды. Арасындагы 23 жаштагы мурда да абакта жатып кутулган Игорь Быковго он жылы катаал режимде абакта олтуруп чыксын бүтүмү жарыяланган. «Азаттыктын» Новосибир обулусу боюнча кабарчысы Кирилл Маковский ал сот олтуруму тууралуу мындай деди:

«Ак туугандар» аталыштагы топтун мүчөлөрү (2002 жылы – ММ) бир нече ай бою мелчемдүү жерден аңдып туруп тажикстандыктар менен өзүбекстандыктарды кармап алып сабап турушкан. Бирок сот алдында алар күнөөлөрүн моюнуна алышкан жок», - деди кечөө биздин кабарчы.

Чачын алдырган улутчулдар милицияга 2002 жылы ноябрде түшүшкөн. Ал жолу скинхеддер тажиктерди уруп сабап, эмерек кечелерин тартып алып, өздөрүн Новосибирден чыгарып жийберүү аракетин жазап атып колго түшүшкөн.

Көзгө түшкөн жери орусиялык фемида чечим чыгарууда скинхеддер кылган аракеттерден улутчулдук маани табышпаганын айтышкан. Ошол себептүү аларды энбаштык беренеси астында соттоп атканын айтышкан. Анализчилер болсо муну соттун улутчулдарга тартып атышы деп баалашууда. Адам укугун коргоочулар чөйрөсү болсо бул жерде бардык коом күнөөсү жатканын айтышат. Айрыкча кеткен жылдын 11 апрелинен соң улутчул жаштар кыймылы бүт өлкөгө жайылып кетти дешет. Ал жолу бийликтин фашисттик көз карашты аркалаган жаштарга Маскөөнүн чоң көчөсү менен жүрүш жазоого уруксат бериши улутчул жаштар көөнүн көтөрүп койду дешет.
«Расизмсиз Орусия» коомунун жетекчилеринин бири Александр Винников баамында мамлекет жарандар коомун өнүктүрмөйүн мындай көрүнүштөр боло берет:

«Энеден кымындай күнөөсү жок таптаза туулчу баланын 17 ге келгенде карамүртөз баш кесерге айланып кетиши же кетпеши жангыз гана коомчулук колунан келүүчү иш», - дейт орусиялык адам укугун коргоочу.

Азыркы тушта Новосибир обулусунун Бердска калаасында дагы бир сот олтуруму жүрүп атат. Анда да жергиликтүү скинхеддер кол салуусу түткү болуп ачылган кылмыш иши каралып атат экен.

XS
SM
MD
LG