Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН БАКТЫСЫН ЖАҢЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР АЧАТ


Кечээ Прагада жаңы технологияны өндүрүштө колдонууга арналган Экономикалык билим форуму ачылды. Дүйнөлүк банк уюштурган үч күндүк жыйынга Борбор Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан да өкүлдөр келген. Алдыңкы технологияны колдонуудан Борбор Азия өлкөлөрү кандай пайда табышы мүмкүн? Аны кантип сатып алса болот? Бул жөнүндө Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азияда иш жүргүзүү боюнча директору Аннетте Диксон “Азаттык” менен ой бөлүшөт.

Алдыңкы технологияга таянып, экономиканы жана элдин жашоосун жакшыртуу айыл чарба азыктарын жана чийки заттарды экспорттоого ыңгайлашкан Борбор Азия өлкөлөрү үчүн өтө актуалдуу маселе. Бул абалдан чыгуу үчүн, Аннетте Диксон айымдын айтышынча, регион өлкөлөрү түрдүү тармактарды өнүктүрүшү абзел жана айыл чарбасындагы өндүрүмдүлүктү, анын натыйжасында кирешени көбөйтүүсү зарыл :

-Айыл чарбасында жаңы технологияны колдонуу менен продукцияны базарга ылайыктыштыруу пайданы чоң алып келет, андан кыштак элинин турмушу да жакшырат.

Борбор Азиянын айыл калкы батыштык фермерлер сыяктуу кымбат техниканы сатып алууга кудурети жетпейт. Мындай жагдайда, дыйкан чарбалары заманбап технологияны сатып алуусу үчүн улуттук өкмөттөр тышкы инвестицияны пайдаланганы жөндүү.

- Анын бир жолу, албетте, табигый байлыктарды өздөштүрүүгө чет элдик инвесторлорду тартуу. Борбор Азиянын жерлери айыл чарба азыктарын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу болгондуктан алар өндүрүмдүүлүктү алдыңкы технологияны колдонуп жогорулатышса болот. Бул ишти техниканы өтө жөнөкөй жолдор менен жакшыртып, модернизациялап, орто баадагы жаңы технологияны сатып алып, жасаса да болот.

Аннетте Диксондун сөзүнө караганда, Дүйнөлүк банк Борбор Азия өлкөлөрүнө эки багытта иш алып барууда:

-Дүйнөлүк банктын эки колу бар. Бир колу Эл аралык финансылык корпорация аркылуу жеке менчик секторго кредит берет. Экинчи колу жеке менчик инвесторлорду Кыргыз Республикасы сыяктуу өлкөлөр менен иштөөгө тартат жана аларга ыңгайлуу инвестиция табууга жардамдашат. Ошол эле мезгилде биз өкмөттөр менен чет элдик инвестиция үчүн ылайыктуу укуктук чөйрө түзүү жана жаңы инвесторлорду тартуу боюнча иш жүргүзөбүз.

XS
SM
MD
LG