Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

БЕРЛИНДЕ ШЫРДАК КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛАТ


Жаңыл Жусубжан Кыргыздын үйүн шырдаксыз элестетүү кыйын. Бирок кийинки кезде кийиз-шырдакка караганда, фабрикада токулган килемди көбүрөөк учуратабыз. Ал эми адеми оокаттын баркын билгендер шырдакты кайталангыс эстетикалык сапаттары үчүн аздектешет. Алардын бири - Штефан Дөмпке. Германиянын атуулу жана жашылдар партиясынын мүчөсү уюштурган шырдак көргөзмөсү ушул жума күнү Берлиндин айтылуу Унтен ден Линден бульварынын чекесиндеги Фестуңсграбен сарайында ачылууда.

Мен Дөмке мырза менен телефондон байланышканда, сиз өзүңүз үйдө шырдак салынасызбы? деп сурасам, албетте салынабыз деп жооп берип, буларды кошумчалады:

ШТЕФАН ДӨМКЕ: Шырдак байыркы, ошол эле убакта бүгүнкү заманга бап келген оокат. Уникалдуу да. Жылаңайлак үстүнөн бассаң бутка жумшак, үйдө жагымдуу маанай жаратып турат.

Штефан Дөмпке шырдакты көп жылдардан бери изилдеп келет. Бир эле мезгилде Кочкордо, Атбашыда, көлдөгү Бөкөнбаев айлында жасалган эң мыкты шырдактарды Европага алып келип, көргөзмөлөрдө сатуу жагын уюштурган. Бүгүн анын аракети менен Германиянын ондогон шаарларында кыргыз шырдагын килем саткан дүкөндөрдөн табууга болот. Албетте шырдакка караганда, түркмөндөрдүн, Ирандын, Бухаранын калы-килемдери дүйнөгө жакшы таанымал. Ушуга байланыштуу Штефан Дөмпке шырдакты эл аралык базарга алып чыкканда, кыргыздар, алардын тарыхы жана маданияты тууралуу да кеңири маалымат берүүгө басым жасайт:

ШТЕФАН ДӨМКЕ: Алармандар шырдак деген эмне экендигин билиши керек. Шырдак жасоо Кыргызстанда байыркы, коло доорунан келаткан, бирок технологиясы унутулуп бараткан өнөр экенин, шырдакты көчмөн аялдар жасаарын айтыш керек. Анткени алармандар шырдак менен кошо анын тарыхын да сатып алат. Алар шырдакка байланышкан маданият, салт-санаага кызыгышат. Шырдактын кошумча баалуулугу ушунда.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН: Бүгүн шырдакты базардан алсак болот, бирок көбү арыдан бери, арсак-терсек шырылган, кийизи тез эле сүзүлүп калат. Ушундан улам, адистер кыргыз шырдагынын кунары кетти деп айтып жатышат. Маектешибиз да бул кыргыз маданияты үчүн өтө кейиштүү көрүнүш деп эсептейт:

ШТЕФАН ДӨМКЕ: Шырдактын сапатынын төмөндөп кетиши биринчи кезекте туризмдин өнүгүшүнө байланышкан. Туристтер айрыкча шырдакчаларды сувенир катары көп алышат. Кыргыздар үчүн бул - тез пайда табуунун булагы, ошондуктан, алар да сапатына карабайт. Экинчи жагынан кыргыздар колдо бар алтындын баркын билишпейт. Маданият - бул өнүгүүнүн өтө маанилүү фактору. Маданият аркылуу биз ким экенибизби аңдайбыз, өзүбүзгө болгон сыймыктануубуз артат, келечекке жол көрсөтөт. Тышкы саясатта маданий дипломатия деген түшүнүк бекер жерден жаралган эмес. Арзан оокатты жарыбаган акчага сатса боло берет деңизчи, бирок сапаттуу бир нерсени жаратып, аны кымбат сатыш да мүмкүн экендигин айрыкча элеттик уздар түшүнсө жакшы болмок. Бирок буга инвестиция керек. Ал үчүн өкмөт эл аралык донорлордон буга жардам сурашы зарыл. Донорлор бүгүн өз клиенттери туура көргөн тармактарга жардам берет. Демек өкмөт эл аралык институттардан биз үчүн маданият маанилүү, ал өлкөнүн өнүгүшү үчүн керек, ошондуктан бизге маданиятка каражат бөлгүлө деп сурашы керек.
XS
SM
MD
LG