«Жоогазын» революциясы бир жашка толгону «Асаба» кайра жаралуу партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын «Wall Street Journal Europe» басылмасында жарыяланган макаласынын таржымасы «Мезгил» гезитинде жарыяланды.
Ыңкылаптан кийин «15 жыл бою топтолгон проблемаларды чечүүнүн жыйынтыгын эл бир жылда сезе албады. Жердешчилдик, уруучулук, улуттар аралык тирешүү, чырмалышкан коррупция жана уюшкан кылмыштуулук жоголгон жок», деп жазат макала автору. Р.Отунбаева өлкөдө туруктуулук болушуна авторитардык режимдин жарадамы менен жетишүү кыйын. Демократия жолу менен гана ыңкылап идеалдары ишке ашуусу керек, деген пикирде.
Ушул эле гезитте КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеевдин «Жаңы бийлик эскини туурап жатат» деген аталыштагы маеги жарыяланган.
Жерүй кенине байланышкан талаштуу иштер К.Момоконовдун «Жерүй «жетимсирөөдө»» деген макаласында козголгон. «Эл эмнени кааласа ал максатына жетээрин бул бийлик бөркүндөй билет. Бирок минтип элди Акүйдү айлантып бир жообун бербей турушу азырынча табышмак», дейт автор.
Өткөн жылдын 24-мартында Акүйдү алууга катышкан Руслан Шаботоевдин «40 миң долларды бөлүшөлү дегендердин өзүлөрү бөлүнүп кетти» деген маеги «Алас» гезитинин бейшемби күнкү санында чыкты. «Эл тынчып басылганда подвалга түштүк. Кирип карасак эчким жок, бирок миңге жакын курал-жарак, ок-дары, анан жанагы 40 миң доллар, 20 миң евро жана 3 миллион сом акча табылды. Аны биз эртеси күнү шааркеңеш төрагасы З.Кыдыралиевге алпарып бердик», дейт Р.Шаботоев.
Басылманын жаңы санында КДК партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеевдин маеги чыкты. “Кандай жол менен революцияны улантарына менин деле көзүм жетпей калды. Мамлекеттик машина орноп калды да, мамлекеттик бийлик аппараты иштеп жатат. 70 – 80 пайызы баягы эле Акаевдин убагында мамлекеттик бийликтин башында тургандар”, дейт Ж.Жекшеев.
Азыркы бийликтин чоң оппозициясы эле Аскар Акаевич болууда. Ал болсо деле болбосо деле жаңы бийликке каш кайтарып, ичи күйгөнүн ачык эле айтууга өттү, деп белгилейт А.Мадумаров “Слово Кыргызстана” гезитиндеги маегинде.
Бейшембидеги “Лица” гезитинде өкмөт башчы Ф.Куловдун “Бир жыл бийликте болуш үчүн беш жыл түрмөдө отурган эмесмин” деген аталыштагы маеги жарыяланды. Кыргызстандын бюджети болгону 300 миллион доллар акчаны түзөт, карызы 2 миллиард долларга жакын, деп маалымдайт Ф.Кулов. Анын ырасташынча, өкмөт сердымактуу паландарды коюп, милдетти бийик коюшу керек. Ушу тапта аткаруу бийлиги радикал реформаларды тоокен өндүрүшү, энергетика жана башка тармактарда жасашка куштар.
“Жаңырык апта” гезитинин жаңы санында экс-спикер Ө.Текебаевдин “Саясатчынын кадыр-баркын эл пикири аныктайт” деген маегине орун берилген. “Дүйнөлүк практика көргөнгөндөй, парламент 4 – 5% гана мыйзам киргизиш керек. Ал эми калган мыйзамдын баарын өкмөт киргизиш керек эле. Мындай тарыхый демилгени бүгүнкү аткаруу бийлиги ала алган жок”, дейт Ө.Текебаев.