Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

ЖЕРҮЙ АЛТЫН КЕНИНИН ЖУМУШЧУЛАРЫ ИШ ТАЛАП К ЫЛУУДА


Аманбек Жапаров,Бишкек Талас облусунун Жерүй алтын кенинин жүзгө чукул жумушчусу өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акциясын улантууда. Алар өкмөттөн жумуш менен камсыз кылууну, ишсиз калган эки айдын айлыгын төлөтүп берүүнү талап кылышууда. Бул маселе боюнча өкмөттө кеңешме болуп, премьер-министр Феликс Куловдун Ош облусундагы иш сапарына байланыштуу эч кандай жыйынтык чыгарылган жок.

Жерүй алтын кенинин жумушчулары «Сарыгулов Дастан байке, Жерүйдөн колуңду тарт!” “Өкмөт өз элиңдин убалына калба”, “Курманбек Бакиев Таластыктарга берген убадасын аткарсын!” “Жумуш ордун жапкандар- эл душмандары” деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Алардын айтымында, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси Владимир Зубков баштаган өкмөттүк делегация Таласка барганда, Жерүй алтын кенин башка инвесторлорго бергенче жумушчуларга айлыктарын төлөп беребиз деп убада беришкен экен.Бирок,
экинчи айга айланып баратса да, жумушчуларга убада кылынган эмгек акылары берилген эмес.

Пикетке чыккандар президент Курманбек Бакиев 30-январда Талас облусунун губернатору Жусуп Жээнбековду тааныштырганы барганда, “Таласголдмойнинг” компаниясы Жерүй алтын кенин иштете берерин билдиргенин айтышууда. Алар жаңы өкмөт элди жумуш менен камсыз кылуунун ордуна, иштеп аткан жумуштарынан ажыратууда, дешип нааразы болушууда. Аталган комбинатта жумуштун токтотулушу менен Таласта 500 дөн ашуун адам үйбүлөсүн багуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт, дейт жумушчу Өзгөн Турдалиев:

-558 адам үйбүлөсүндөгү төрт-беш жанды багып атат. Эгерде булар жумушсуз калышса эки миңден ашуун адамдын жашоосу кыйындайт.

Ушул эле күнү өкмөттө вице-премьер-министр Медетбек Керимкуловдун жетекчилигинде кеңешме болуп, анда Жерүй алтын комбинатына байланыштуу маселени талкуулашты. Өкмөттүн өкүлү Эрмек Мамыралиевдин айтымында, буга байланыштуу атайын комиссия иштөөдө. Өкмөт өкүлдөрү пикетте тургандар менен жолугушуп, алардын сунуштары, талаптары менен таанышып чыкты.

Жерүй алтын кенинин жумушчулары эгерде өкмөт алардын экономикалык талаптарын аткарбаса, нааразылык акциясын саясий мүнөзгө айлантышаарын билдиришти. “Таласголдмойнинг” компаниясынын коопсуздук боюнча менеджер орун басары Таалайбек Изатовдун айтымында алар арызданып эл аралык профсоюз уюмдарына чейин чыгышмакчы.

-Массалык маалымат каражаттарына билдиребиз. Биз муну менен токтоп калбайбыз. Качан бизди өкмөт жумуш менен камсыз кылмайынча нааразылык акциясын уланта беребиз,- дейт Таалайбек Изатов.

Пикетте тургандардын айтымында эгерде өкмөт алардын талаптарын аткарбаса, Таластан дагы 300 ашуун адам келип, нааразылык акциясына кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG