Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Жерүй алтын кенинин жумушчуларынын пикети уланууда


БИШКЕК. Таластагы «Жерүй» алтын ишканасынын жүз элүүдөй жумушчусу төрт күн мурда башталган өкмөт үйүнүн алдындагы нааразылык чарасын бүгүн да улантышты. Алар аталган ишкананын курулушун улантууну, эмгек акылары үчүн «Кыргызалтын» тарабынан убада кылынган компенсацияны төлөп берүүнү талап кылышып, өкмөттөн канааттандыраарлык жооп болмоюн нараазылык чарасын токтотпой тургандыктарын айтышууда. Бүгүн кыргыз өкмөтүндө биринчи вице-премьер-министр Медетбек Керимкуловдун жетекчилигинде Жерүй алтын кенине байланышкан маселени чечүү боюнча жыйын өтүп, бирок жыйынтык болгон жок.

XS
SM
MD
LG