Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

ДҮЙНӨДӨГҮ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ БОЮНЧА ЖАҢЫ ОТЧЕТ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага Баш кеңсеси Австрияда жайгашкан Эл аралык басма сөз институту 30-март күнү дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги тууралуу отчет чыгарды. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, өз милдетин аткарып жүрүп 2005-жылы дүйнөдө 65 журналист курман болду. 2004-жылдагыга караганда бул сан төмөн, бирок баары бир журналисттердин иши коркунучтуу бойдон калууда.

Отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, 2004-жылы дүйнөдө 78 журналист курман болгон, былтыр болсо 65 журналист өлтүрүлдү, ошондуктан, отчеттун редактору Дэвид Дэдждин айтымында, өткөн жыл журналисттердин иши үчүн коркунучтуу бойдон калды:

-"Алтымыш беш журналист өлүп жаткан жыл өтө жаман жыл. Журналисттер дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында өлтүрүлүүдө. Иракта 23 журналист өлдү, Азия мамлекеттеринде - 20, эки Америкада 11 журналист курман болду. Иракта согуш жүрүп жатат, ошондуктан анын аймагы иштөө үчүн коркунучтуу. Бирок башка мамлекттерде дагы журналисттер кандайдыр бир иликтөө жүргүзөйүн дегенде коркунучка дуушар болот жана айрым учурларда өлтүрүлөт. Өкмөттөр болсо журналисттердин ишине жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтпөйт жана алардын курман болгон учурлары дагы толук иликтенбейт, алардын өлүмү үчүн күнөөлүү адамдар жоопко тартылып, соттолбойт", - дейт Дэвид Дэдж.

Отчетто айтылгандай, демократиялуу деп эсептелген Европалык мамлекеттерде дагы журналисттердин ишин чектөөгө багытталган аракеттер көрүлүүдө. Мисал үчүн, Европа комиссиясы былтыр атайын сунуш менен чыгып, журналисттерди пропагандага аралаштырбай турган эрежелер иштелип чыгыш керек деп билдирди.

Кытай болсо интернетттеги аракеттерди чектөөнү көздөгөн бир топ чара көрдү жана Бээжиндин андай аракеттерин айрым Батыш компаниялары дагы колдоду. Алардын пикиринде, андай чектелүү шартта дагы алдыңкы маалымат технологиялары Кытайга кеңири тараса, баары бир басма сөз эркиндиги үчүн пайда болот, бирок Дэджин пикиринде, чектөө деген чектөө.

Дагы бир коркунучтуу жагдай - Орусия, Беларус же Казакстан сыяктуу мурдагы советтик жумурияттарда журналисттер өздөрүн өзү цензуралоого аргасыз, анткени катуу бир нерсе айтып жиберсе өкмөт тарабынан жазаланаарынан коркот. Анжияндагы окуялардан кийин Өзбекстандагы абал өтө начарларды, Түркмөнстандагы абал мурдагыдай эле өтө кокунучтуу, Тажикстандагы жагдай дагы начарлап баратат.

2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандагы абал жакшырат деген үмүт болгон, бирок отчеттун авторлорунун бири Дайана Орлованын айтымында, жагдай өтө деле оңолгон жок: "Жалпысынан алганда, жыл ичинде болгон өзгөрүүлөр көбүрөөк басма сөз эркиндигине алып келген жок. Мисал үчүн, Кыргызстанда ыңкылап болуп, өкмөт алмашылгандан кийин, басма сөз тармагында толук эркиндик болот деп журналисттер жана басма сөздүн башка кызматкерлери үмүттөнгөн, бирок журналисттердин өздөрүнүн айтымында, абал өтө деле жакшырган жок", - дейт Дайана Орлова.

Анын пикиринде, Украинада өкмөт алмашылганы дагы басма сөз эркиндигинин өрчүшүнө өтө деле чоң түрткү болгон жок.
XS
SM
MD
LG