Өзбекстан Борбор Азиянын калган 4 жумурияты жана Ооганстан менен чектешет. Регион боюнча аналитиктердин көбү Өзбекстандагы окуялар чөлкөмгө таасир этпей койбойт деп ырасташат.
Алардын бири Эларалык мамилелер институтунун аналитиги Анетте Бохр:
Өзбекстандагы кырдаал коңшу өлкөлөрдөгү саясий, социалдык жана экономикалык абалга таасир тийгизе баштаганын айкын байкаса болот.
Маселен, Кыргызстанда Өзбекстандан агылган качкындар маселеси пайда болду. Эми кыргыз бйиликтери Каримов режиминен качып, баш калка издеген адамдарды Ташкенттин талабына ылайык, мекенине кайтаруу же аларды үчүнчү өлкөгө жиберүү керекпи? - деген оңой эмес маселени чечүүгө тийиш.
Казакстан болсо мыйзамсыз өзбек мигранттарынын агымына туш болду. Январь-февраль айларында казак бийликтери 50 чакты ошондой мигрантты депортациялаган. Бохр белгилегендей, казак-өзбек чегарасында нечендеген адиса болот, нечендеген өзбек жарандары чегараны мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген жеринен курман болушат.
Ошол эле институттун дагы бир изилдөөчүсү Юрий Федоров Өзбекстан регион үчүн негизги талуу жерге айланды деп эсептейт:
Өзбекстандагы ички окуялар тынчсыздантпай койбойт. Башкаруудагы режим бийликти репрессивдүү ыкмалар менен колдо кармап келатат. Элдин арасында репрессиялар акыр аягында режимди кыйроодон сактап калбайт деген пикирди көп укса болот. Ал өз кезегинде өлкөдөгү жана жалпы чөлкөмдөгү абалдын бейстабилдүүлүгүнө алып келет.
Федоровтун ырастоосунда, ар кандай жагымсыз окуялар өзгөчө көп калктуу Фергана өрөөнүн бейстабилдүүлүктүн очогуна айландырышы ыктымал.
Анын кесиптеши Жэймс Никсей да бул ойго кошулат:
Фергана өрөөнүндө чегаралардын корголушу жана кайтарылышы начар. Мындан улам, экстремисттер расмий чегара пунктарынан эмес, башка жерлерден ары-бери оңой каттай алышат.
Региондогу стабилдүүлүккө коркунуч туудурган факторлорду кантип азайтса болот?
Батыш Анжияндагы кандуу окуялардан кийин Өзбекстанды катуу сындаган. Аналитик Никсейдин айтымыныда, Вашингтон жана Еврошаркет “Чоң Сегиздин” жыйыны өңдүү форумдарды пайдаланып, Москваны Ташкентке кысым көрсөтүүгө көндүрсө болот.
Казакстан болсо региондо лидердин ролун көбүрөөк ойной баштады. Президент Нурсултан Назарбаев 19-мартта Ташкентке алгачкы расмий сапар менен барып кетти.
Тараптар экономика, саясий, коопсуздук тармактарды биргелешип стабилдештирүү жөнүндө макулдашышты.
Муну Никсей мындайча комментариялайт:
Назарбаев өзүн регионалдык держава катары сүрөттөгүсү келет. Бул –анын ири пландарынын бир бөлүгү. Ал жакында кайра шайланып, турумдарын бекемдеди. Борбор Азиянын калган бөлүгүндөгү стабилдүүлүк Назарбаевдин кызыкчылыгына төп келет.