Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Беларус президенти А.Лукашенко ант берүүнү кийинкиге жылдырды

Жакында Беларуста үчүнчү жолу президент болуп шайланган Александр Лукашенко бүгүн ант бериши керек эле. Бирок ал инаугурациясын кийинкиге жылдырганын билдирди. Оппозиция лидери Александр Милинкевич: “Өлкөдөгү демонстрациялардан кийин президент үрөйү учуп, эмне кылаарын билбей турат”, - дейт. Президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор бир нече күн бою демонстрация өткөрүштү. Шаршембиде президент эч түшүндүрбөй эле, ант берүү салтанатын кийинкиге жылдырды. Милинкевич президенттин абалы жөнүндөгү жасаган билдирүүсүн азырынча көз-карандысыз тараптар ырасташа элек.
XS
SM
MD
LG