Кечээ Франциянын Конституциялык кеңеши, ири демонстрацияларга карабай, жаштарды жумушка алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Эми өлкөнүн президенти мыйзамга кол койсо, ал толугу менен күчүнө кирет. Эгерде жаштарды жумушка алуу жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлбөстөн күчүнө кирсе, анда өлкөдө дагы демонстрациялар күчөшү мүмкүн. Бир канча мезгилден бери өлкөдөгү студенттер менен профсоюздук бирикмелер анын кабыл алынышына каршы чыгып жатышкан. Анткени, алардын пикиринде, жаңы мыйзам долбоору жаш адистердин укуктарын тебелейт.