Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Казакстан өзбек качкындарын Өзбекстанга өткөрүп беришкени АКШны кыжаалатка салды


“Кошмо Штаттары Казакстандын аймагында жүргөн тогуз өзбекстандыкты жергиликтүү бийликтер Өзбекстанга өткөрүп беришкенине тынчсызданып жатышат”. Бул тууралуу бүгүн АКШнын Мамдепартаментинин ырасмий өкүлү Адам Эрели билдирди.

- Биз бул маселени казак өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдө да көтөргөнбүз, тынчсызданууну билдиргенбиз. Алгач иликтөө өткөрүп, чынында эмне болгонун билгенден кийин гана чечим кабыл алынышын айтканбыз. Эмне болгону жөнүндө бизге толук түшүндүрмө берилген жок. Бул бизди кыжаалатка салат. Бул - адам укуктарынын проблемасы. Эгерде качкындар өздөрү каалабай туруп, аларды күчкө салып, Өзбекстанга өткөрүп беришкен болсо, анда бул эч кандай эларалык нормаларга жатпайт, - деди Мамдепартаменттин өкүлү Адам Эрели.

Кабар тууралуу адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму билдирген. Өзбекстанга өткөрүлүп берилген адамдарга Улуттар уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы тарабынан “качкын” макамы ыйгарылгандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG