Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

БЕКНАЗАРОВДУН БЕЙНЕСИ, НАЗАРАЛИЕВДИН 1 МЛН. ДОЛЛАРЫ, КЫРГЫЗ ПОЛИЦИЯСЫ, ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ


Жума күңкү “Агым” Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназарводун ишмердүүлүгү тууралуу түрдүү пикирлерди жарыялады. Ал тууралуу улуттук гвардиянын мурдакы колбашчысы Абдыгул Чотбаев: “көп сөзү туура болгону менен айткандары ишке ашпай келатат” дейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев Азимбек Бекназаровду “бүгүнкү күндүн баатыры” деп атаган. Бей өкмөт уюмдардын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын пикири боюнча: “Азимбек Бекназаровдун интеллектуалдык деңгээли өспөй калган. Чоң саясатчы эмес, орто шоунун актеру” – дейт Токтайым Үмөталиева.

Ушул эле "Агымдын” кабарчысы – Семетей Талас уулу: Рысбек Акматбаевдин талапкерлиги үчүн көл аймагы толкуп баштаганын маалымдайт. Былтыркы ыңкылаптын авторлорунун бири Жеңишбек Назаралиев жаңы китеп жазып, ыңкылапка 1 млн. долларын коротконун айтып, философиялык ойлорун жазганын “Агым” маалымдады.

31-марттагы “Кыргыз руху” гезити 24-март ыңкылаптын каармандары деп, бул ирет Алмазбек Атамбаев менен Мелис Эшимкановдун бейнесин беришти. Ушул “Кыргыз руху” гезити аркылуу “Кыргыз концепт” компаниясынынын президенти Эмил Үмөталиев салыктан качкан ишканалар көп экенин айтып, аларды аныктап, тизмесин гезиттерге жарыялоону сунуштаган.

31-марттагы “Бишкек таймс” жумалыгы милиция жаңы форма кийип, эми полицияга айланаарын” маалымдайт. Ошондой эле ушул гезит – “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин маегин берди.

31-марттагы “Аалам” гезитинде белгилүү адвокат Токторбек Ашыркул уулу өлкөдө сот бийлигин дагы реформалоонун зарылдыгын белгилейт. Анын айтымында – "соттор көз каранды болбошу үчүн аларды узак убакытка – 15-20 жылга дайындоо керек. Ошондой эле айлыгы мүмкүн болушунча жогору болуусу зарыл. Үшундай соттун жоопкерчилигин көтөрүү менен, 1-2 чечими бузулса, сот деген укугунан ажыратуу керек” – дейт Токторбек Ашыркул уулу.

31-мартта жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити Бишкектеги “Келечек” жаңы конушундагы жаңы мектептин ачылышына барган президент Курманбек Бакиев мектепке 5 компьютер тартуулаганын маалымдады.

31-марттагы “Кыргыз туусу” гезити айрым маалымат каражаттары адамдын ар-намысына шек келтирген, авторлору аныкталбаган сын пикирлерди жарыялап жатканын белгилеген. Кийинки учурда мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов менен президенттик администрация жетекчиси Үсөн Сыдыковду негизсиз сындап, аларга асылуулар көп болгонуна кабатыр болот “Кыргыз туусу” гезити.

Ушул “Кыргыз туусунун” кабарчысы Марип Тайчабаров - өлкөнүн вице-премьер министри Адахан Мадумаров менен маек курган: “Жаңы бийликтин кадамдарын – көкүрөгү туюк, көзү сокур, кулагы дүлөй гана көрбөйт. Буюрса, кыргыздардын заманы келатат” – дейт Адахан Мадумаров.

31-марттагы “Эркин тоо” гезитин барактасак президент Курманбек Бакиев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анда эки президент кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелерин талкуулаганын маалымдайт. Ушул “Эркин тоо” гезити аркылуу мурдагы парламенттин төрагасы коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов Кыргызстанга президенттик башкаруу бийлиги керектигин айткан. Ошондой эле “Эркин тоонун” кабарчысы Азизбек Чамашев “Өнөр жайыбыз өргө тарта баштады. Кыргызстандын өнүккөн өлкө болоруна бардык мүмкүнчүлүктөр бар” деп жазды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG