Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Кыргызстандык укук коргоочулар Венада


БИШКЕК. Австриянын Вена шаарында адам укуктары боюнча эл аралык жыйын өтүүдө. Ага Кыргызстандан укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Алмаз Дырылдаев жана Гүлнара Ибраева баштаган «Социалдык технологиялар агенттиги» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү катышып жатышат. Эл аралык Хелсинки Федерациясы уюштурган бул жыйында кечээ Төлөкан Исмаилова Кыргызстандагы адам укуктарын сактоо жаатындагы жагдай боюнча сөз сүйлөдү. Ал анда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун делегациясына кыргыз бийлигине конституциялык реформаны жүргүзүүгө жана өлкөдөгү өзбек качкындарына байланышкан маселени чечүүнү тездетүүгө жардам көрсөтүү сунушу менен кайрылды. Бул тууралуу бүгүн «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG