БИШКЕК. Ак үйдүн алдына чогулган Рысбек Акматбаевдин жактоочулары менен адегенде Бишкек шаар прокурору Учкун Каримов жолугушуп, кырдаалды курчутпоого чакырды. Рысбек Акматбаев болсо тартип сакталаарын айтып, Феликс Кулов кызматынан кеткенде гана эл тараарын билдирди. Түштөн кийин президенттик админстрация башчысынын орун басары Азим Исабеков менен Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев эл алдына чыгышып, Рысбек Акматбаевге өкмөт үйүнө кирип сүйлөшүүнү сунуштады. Мындай сунушка көнбөгөн Акматбаев депутаттык жарышка катышуудан баш тартканын, эми бир гана премьер-министр кызматтан кетсин деген гана талап калганын айтты.