Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

АКМАТБАЕВДИН ЖАКТООЧУЛАРЫНЫН КАРШЫЛЫК ЖЫЙЫНЫ ТАРАДЫ


Рысбек Акматбаевдин таламдаштары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын 31-мартта кечинде токтотуп тарашты. Алар микроавтобустарга отуруп келген жагына жөнөп кетишти. Алар менен андан мурдаарак Президент Курманбек Бакиев чыгып сүйлөшүп, талаш маселени сот чечсин деп айтып, нааразылык акциясын токтотууга, тарап кетүүгө чакырган болчу. Чогулгандар Президенттин тилин дароо албай, Алатоо аянтына барып, бир топ убакыт көгөрүп турушту. Чогулгандардын бир бөлүгү ошол эле аянтта кечки намазга жыгылып, аны бүткөндөн кийин тарап кетүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тарап кетер алдында Рысбек Акматбаев бийлик алар койгон талапты ойлонуп көрүп аткарбаса, алар кайтып келе тургандыктарын эскертти.

Нааразылык митингисине чогулгандар Рысбек Акматбаевдин депутаттык жарыштан чыгарылганына нааразы болуп, негизинен Балыкчы шаарынан жана Ысыккөл районунан келишкен болчу. Боршайком мурда соттолгондугу жоюла элек жана акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деген негизде 30-мартта Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып салган.

Р. Акматбаевдин жактоочулары анын депутаттыкка талапкерлигин калыбына келтирүүнү жана премьер-министр Ф. Куловду кызматтан кетирүүнү талап кылып, кечке дейре Өкмөт үйүнүн алдында турушту. Акматбаев саясий кысым менен шайлоо жарышынан четтетилди деп бийликти, Боршайкомду айыптап сүйлөштү.

Түшкө жуук нааразылыкка чыккандардын саны миңден ашты. Өкмөт үйү туш тарабынан милиция күчтөрү менен курчалып, кырдаал көзөмөлгө алынып турду.

Каршылык акциясына чогулгандарга адегенде Бишкек шаар прокурору Учкун Каримов жолугушуп, кырдаалды курчутпоого чакырды. Рысбек Акматбаев болсо тартип сакталаарын айтып, Феликс Кулов кызматынан кеткенде гана эл тараарын билдирди.

Түштөн кийин президенттик админстрация башчысынын орун басары Азим Исабеков менен Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев эл алдына чыгышып, Рысбек Акматбаевди өкмөт үйүнө кирип сүйлөшүүгө чакырышты. Акматбаев ал сунушту кабыл албай, кайра өздөрүн эл алдына чыгып сүйлөшкүлө деп талап койду. Р. Акматбаев ошол маалда сүйлөгөн сөзүндө депутаттык жарышка катышуудан баш тартканын, эми бир гана премьер-министр кызматтан кетсин деген гана талап калганын билдирген.

Чогулган нааразы элге кечки саат бештерге чукул президент Курманбек Бакиев чыгып, ушул убакытка дейре өкмөттөн эч ким чыгып жолукпаганына таң калганын, өзү болсо башка иштери менен жүргөнүн айтты. Президент ошондой эле бул маселени сот аркылуу гана чечүү зарылдыгын белгилеп, элди тарап кетүүгө чакырды.

Президент менен жолугушкандан кийин митингчилер Акүйдүн алдынан Алатоо аянтына көчүп, бир топ убакыт туруп, жаан башталганда гана тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG