Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Рысбек Акматбаевдин таламдаштары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын токтотуп тарашты


31-мартта кечинде алар микроавтобустарга отуруп келген жагына жөнөп кетишти. Алар менен андан мурдаарак Президент Курманбек Бакиев чыгып сүйлөшүп, талаш маселени сот чечсин деп айтып, нааразылык акциясын токтотуп, тарап кетүүгө чакырган болчу. Чогулгандар Президенттин тилин дароо албай, Алатоо аянтына барып, бир топ убакыт көгөрүп турушту. Чогулгандардын бир бөлүгү ошол эле аянтта кечки намазга жыгылып, аны бүткөндөн кийин тарап кетүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Тарап кетер алдында Рысбек Акматбаев бийлик алар койгон талапты ойлонуп көрүп аткарбаса, алар кайтып келе тургандыктарын эскертти.

XS
SM
MD
LG