Нааразылык митингисине чогулгандар Рысбек Акматбаевдин депутаттык жарыштан чыгарылганына нааразы болуп, негизинен Балыкчы шаарынан жана Ысыккөл районунан келишкен болчу. Боршайком мурда соттолгондугу жоюла элек жана ал акыркы беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашаган эмес деген негизде 30-мартта Рысбек Акматбаевдин талапкерлигин алып салган.
Түшкө жуук нааразылыкка чыккандардын саны миңден ашкан. Өкмөт үйү туш тарабынан милиция тарабынан курчалып, кырдаал көзөмөлгө алынып турду.
Каршылык акциясына чогулгандарга адегенде Бишкек шаар прокурору Учкун Каримов жолугушуп, кырдаалды курчутпоого чакырган. Рысбек Акматбаев болсо тартип сакталаарын айтып, Феликс Кулов кызматынан кеткенде гана эл тараарын билдирген. Түштөн кийин президенттик админстрация башчысынын орун басары Азим Исабеков менен Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгулов Өмүралиев эл алдына чыгышып, Рысбек Акматбаевди өкмөт үйүнө кирип сүйлөшүүгө чакырышканда, Акматбаев ал сунушту кабыл албай, кайра өздөрүн эл алдына чыгып сүйлөшкүлө деп талап койгон. Р. Акматбаев ошол маалда сүйлөгөн сөзүндө депутаттык жарышка катышуудан баш тартканын, эми бир гана премьер-министр кызматтан кетсин деген гана талап калганын билдирген.
Чогулган нааразы элге кечки саат бештерге чукул президент Курманбек Бакиев чыгып, ушул убакытка дейре өкмөттөн эч ким чыгып жолукпаганына таң калганын, өзү болсо башка иштери менен жүргөнүн айткан. Президент ошондой эле бул маселени сот аркылуу гана чечүү зарылдыгын белгилеп, элди тарап кетүүгө чакырган. Президент менен жолугушкандан кийин митингчилер Акүйдүн алдынан Алатоо аянтына көчүп, бир топ убакыт туруп, жаан башталганда тарап кетишкен.