Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: РЭППЕР ИРАКТАГЫ СОГУШ ЖӨНҮНДӨ, 150 ЖАШТАГЫ ТАШ БАКА...


Ирактагы согуш жөнүндө ыр менен эскерген жоокер

Америкалык жоокер Нил Сондерс Ирактагы согуш жөнүндө ыр менен айтып берди. Рэп стилиндеги ырларын жаздыруу үчүн сержант башка аскерлер менен чогу жашаган чакан бөлмөдө атайын студия жасаган. Ал негизинен согуштагы жоокердин күнүмдүк турмушун чагылдырууну көздөгөн.
Альбомго кирген бардык ырлар Багдадда жазылган.
Сондерс Иракка 2004-жылдын март айында жиберилген. Биринчи эле буктурмага кабылганда ал:”Тирүү калсам, акыркы тыйыным болсо да, аны бул согуш жөнүндө айтып берүүгө сарптайм деп ойлодум”, - дейт.
Азыр ал аман-эсен үйүнө кайтып, Техас штатындагы Киллин шаарында жашайт.
Нил мурдагы жана азыркы жоокерлерге жардам берүү долбоорлоруна көп катышып жүрөт.

Индиянын Калькутта шаарында Адвайта аттуу 150 жаштагы таш бака өлдү

Бир кездери ташбаканын ээси англиялык генерал Роберт Клайв болуптур.
Штаттын токой чарба министри Жогеш Барман жаныбарды 130 жыл илгери жеригликтүү зоопарк сатып алган дейт.
Адвайта канча жашка чыгып өлгөнүн аныкташ үчүн, анын калканы атайын анализден өткөрүлөт.
Баса, таш бака калканында пайда болгон жаракадан өлдү болушу керек.
Ал таш бакалардын “алдабра” деп аталган түрүнө кирет. Алар БУУ тарабынан коргоого алынган.
Жердеги эң көп жашаган жандыктардын салмагы 120 килограммга жетет.

Лос Анжелестин тургуну Артур Уинстон ардактуу эс алууга 100 жашка барганда чыкты

76 жыл бою ал коомдук транспорт тармагында автобус тазалагыч болуп иштеп келген. Уинстон бир гана жолу - 1998-жылы аялы өлгөндө жумушун калтырыптыр. 1996-жылы карыя ал кездеги президент Билл Клинтондон “кылымдын эң мыкты кызматкери” деген сыйлык алган.
Ошол эле жылы анын ысымы автобус парктарынын бирине берилген.
Уинстон азырынча пенсияда эмне кылаарын чече элек. Ал үйдө жаткандан көрө кыймылдап, иштегенди артык көрөт. Карыя Теннеси штатында жашаган 98 жаштагы бир тууганына барып келүүнү пландап жатат.

Компьютерлерди көп пайдаланган өлкө кайсы?

Дүйнөлүк экономикалык форум компьютерлерди эң көп жана эффективдүү пайдаланган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Анда биринчи орунду АКШ, экинчи – Сингапур, үчүнчү орунду Дания ээледи.
Тизменин өйдөкү 10 сабына европалык 6 мамлекет илинди. Алардын арасынан Скандинавия лидер экенин көрсө болот. Россия болсо тизмеде 72-орунга коюлган.
Айтмакчы, былтыр орустар 62-болчу.

XS
SM
MD
LG