Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР КҮНҮ.ФРАНКОФОНИЯ ЖУМАЛЫГЫ. «МАДАНИЯТ ЖАНА ЖЕҢИЖОК» СЫНАГЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ


Аптанын дүйшөмбүсүндө эл аралык театр күнү белгиленди. Анын алкагында “Маска” коомдук фонду менен Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кыргыз Республикасынын эл артисти, театрдын, кинонун улуу актеру Советбек Жумадыловду жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мурза Гапаровду эскерүү кечесин өткөрүштү. Театр ишмерлери, маданият минситрлигинин өкүлдөрү, бир катар өнөрпоздор катышкан бул иш чарада алгач маркумдардын бейиттерине гүл коюшуп, андан соң алар жашаган үйгө мемориалдык такта шарттоо аземи болду.

Ошондой эле эки маркумдун өмүрлөрүнө жана чыгармачылыктарына арналган көргөзмө ачылып, Мурза Гапаровдун “Туздуу чөл” пьесасы боюнча даярдалган спектакль көрсөтүлдү.

Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин, Молдовия консулдугунун, ошондой эле Швейцария кызматташтык уюмунун демилгеси менен Бишкекте “Франкофония жумалыгы” жумалыгы өттү. Аталган иш чара 27-мартта Жусуп Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде ачылды. Анда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Жерар Перроле сөз сүйлөп, бул иш чара Кыргызстанда үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткандыгын айтты. Француз тилин жайылтуу жана маданий карым-катышты чыңдоо максатында өткөрүлгон бул иш-чаранын алкагында француз жана англис тилиндеги тасмалар көрсөтүлүп, конференциялар, театралдык сынактар ошону менен бирге француз тилин мыкты билген студенттердин арасында кароолор жүрдү.

Бейшемби күнү “Калемгер” адабий клубунун демилгеси менен кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата поэзия кечеси өттү. Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаттары менен жаш калемгерлер катышкан бул кечеде Алыкул Осмоновдун ырлары окулуп, анын ыр саптарына жазылган обондор жаңырды.

Улуттук дөөлөт, рухий мурас, улуу кыргыз көчү кыймылынын алкагында Кыргыз Республикасына караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссинын чечими менен жарыяланган “Маданият жана Жеңижок” аттуу үч айлык сынактын жыйынтыгы жума күнү улуттук филармонияда чыгарылды.

Сынактын жыйынтыгында калыстар тобу айтыш жана акындык өнөрдүн көрсөтүлбөгөндүнө байланыштуу 1-орунга татыктуу талапкер болгон жок деп чечим чыгарышты. Ал эми экинчи төрт орунга беш миң сомдон, үчүнчү беш орунга үч миң сомдон ыйгарышты. Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
XS
SM
MD
LG