Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:39

БИШКЕКТИН СОТУ РЫСБЕК АКМАТБАЕВДИН АРЫЗЫН КАРАП ЖАТАТ


2-апрелде баш калаанын Биринчи май райондук сотунда депутаттык жарыштан чыгарылган Р. Акматбаевдин арызы карала баштады.

Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка ат салышып жаткан. Аны мурда соттолгондугу жоюла элек жана Кыргызстан аймагында акыркы беш жыл туруктуу жашаган эмес деп 30-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы жарыштан четтетип койгон. Р. Акматбаев өзүнүн миңден ашык таламдаштары менен 31-мартта Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясын өткөргөн. Аларга Президент Курманбек Бакиев өзү чыгып сүйлөшүп, чыр маселени сот менен чечүүгө үндөп таркаткан болчу.

Р. Акматбаевди, анын жактоочуларынын айтымында, Боршайком саясий кысым аркасында жарыштан чыгарган.Ошол себептүү алар шайлоону өткөрбөй коюга чейинки акыркы чараларга чейин бара тургандыктарын эскертишкен.

XS
SM
MD
LG