Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Өзбек качкындарына байланыштуу ишти Жогорку сот келээрки аптада карайт


БИШКЕК. Келээрки аптада Бишкекте Жогорку сотто эки өзбек качкынына байланыштуу апелляциялык арыз каралат. Бул тууралуу 2-апрелде «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти. «Адилет» уюму эки өзбек бозгунуна качкын макамы берилсин деген арызын буга чейин Бишкектин район аралык сотуна жолдогон. Сот арыз канааттандырылбасын деген бүтүм чыгарып, аны шаардык сот да күчүндө калтырган. Буга чейин Жогорку сот дагы башка эки өзбек бозгунуна качкын макамын берүү боюнча «Адилет» уюмунун апелляциялык арызын четке каккан. Учурда Ош шаарындагы тергөө изоляторунда Анжиян окуяларына байланыштуу Кыргызстанга ооп келген беш өзбек атуулу отурат. Өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар алардын Өзбекстанга өткөрүлүп берилбешин талап кылышууда.

 

XS
SM
MD
LG