Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

3-АПРЕЛДЕГИ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР


3-апрель кыргыз калкынын отурукташа баштаган күнү катары тарыхта калаары шексиз.

1931-жылдын 3-апрелинде көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздарды отурукташтыруу боюнча республикалык комитет уюшулган. Комитет Кыргыз АССРинин Наркоматына караштуу айыл чарба жана отурукташуу секторуна карап, ал кыргыздардын жер алып, чарба күтүп, айыл-кыштактарда жашоосу үчүн иш алып барган. Отурукташтыруу Комитетинин ишкер аракетинин натыйжасында кыргыздар кыска аралыкта көчмөн чарбадан отурукташкан маданиятка өтүшүп, сабатсыздыкты жою сыяктуу цивилизация өрнөктөрү менен таанышышты. Ушул убактан тарта Кыргызстандын азыркы айыл-кыштактары түптөлүп, курула баштады.

1947-жылдын бул күнү СССР география коомунун илимий Кеңеши Кыргызстандын география коомунун филиалын ачуу туурасында чечим кабыл алган. Кыргызстан географиялык коомунун филиалы башында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна баш ийип, кийин Кыргыз Илимдер академиясынын курамына киргизилген.

1951-жылдын 3-апрелинде Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши “Эмгек сиңирген агроном” жана “Эмгек сиңирген ирригатор” наамдарын тапшыруу чечимин кабыл алган. Жогорку Кеңештин чечимине ылайык, ал наамдарга арзыгандар жогорку билимдүү жана өз тармагында 15 жыл үзүрлүү эмгектенген адамдар болушкан.

2005-жылдын 3-апрелинде Кыргыз парламентарийлери менен сүйлөшүү жыйынтыгында биринчи президент Аскар Акаев бийлик ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу протоколуна кол койду. Протоколдо биринчи президенттин укуктарын коргоого байланышкан төрт шарт каралган.

1922-жылдын март айынын соңу жана апрелдин башталышында РКП(б)нын ХI съезди өткөрүлгөн. РКП(б)нын 3-апрелиндеги пленумунда В. И. Лениндин сунушуна ылайык, И. В. Сталин партиянын генералдык секретары болуп шайланган. СССР тарыхынын кийинки өнүгүү нугу көрсөткөндөй И. В. Сталиндин партия лидерлигине дайындалышы өлкө өнүгүүсү үчүн зор роль ойногон.
XS
SM
MD
LG