Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:18

КАБАРДИН- БАЛКАР МАДАНИЯТ МИНИСТРИН МАСКӨӨДӨ УЛУТЧУЛ ЖАШТАР САБАП КЕТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада 1- апрель күнү Кабардин- Балкар жумуриятынын маданият министри, белгилүү ырчы Заур Тутовду улутчул жаштар сабап кеткен. Мушташтан кийин бети жарылып, мээси чайкалган ырчыны ооруканага жеткиришкен. Чатакты иликтөөгө алган прокуратуранын өкүлү кечээ журналисттерге айтканга караганда мушташтын чыгышында улуттар арасындагы касташуу көрүнүшү орун алган эмес. А мушташты көргөндөр болсо журналисттерге кызып алган жоон топ жаштар «Орусия - орустуку!» деген ураан кыйкырып келип ырчыга кол салышты дешкен.

Опералык ырчы Тутов орусиялык элдик романстарды жакшы аткарып атагы чыккан. Өзү кечелерде орустардын жан дүйнөсүн менче сүйгөн киши жок деп калат. Өңү да акжумалынан келип оруска окшоп турат. Ошого карабай ал алдыңкы күнү орусиялык улутчул жаштар таягын жеген. «Соколиная гора» маданий үйүндө бий ансамблине катышуучу кызын тосуп алганы барып, ал жерде жоон топ жаштардын кызып алып богооз сөз айткандыктан, аларды уялбайсыңарбы деген. Кайым айтышуу чыгып, «Орусия – орустардыкы» - дешкен. «Уландар биз деле Орусияны силерден кем эмес урматтайбыз! – десем эле алар туш-туштан келип койгулап жанча башташты!» - дейт Тутов ырчы.

Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмдин ташын талкан кылган өлкөдө бүгүн азыркы фашисттер, өз динин өйдө көрүп башка динге чыдабоочулук менен мамиле жазагандар, еврейлерге кастык менен мамиле кылуучулар, адамдын терисине карап кемсинтчүлөр ошондой эле ар кыл идеологияга сугарылып алышкан келесоолордун колунан күн сайын миңдеген кишилер дене жагынан да, моралдык жагынан да жабыр тартышууда.

«Былтыркы жылы, мындайча алып карай келгенде, башаягы 26 киши азыркы фашисттер колунан курман болушкан», - деди «Коомдук палатага» мүчө, жазуучу Дмитрий Лепскеров.

Жекшембиде «Эхо Москвы» үналгысы аркылуу айткан пикиринде Заур Тутаевдин адвокаты Руслан Коблев «алтынчы күнү кечинде Кабарда Балкар жумуриятынын маданият министри, Орусиянын эл артистине кол салгандар дээрлик улутчул жаштар болушкан. Алар министрге кол салганга чейин жана андан кийин улуттарды кайраштырган «Орусия – орустардыкы!» - деген чакырыкты улам кайталап айкырышкан», - деген.

Кызык жери Заур Тутовдун балдары менен аялы колдорундагы чөнтөк телефондор менен милицияга ошол замат билдирүү жазашкан. Кыйладан кийин бир милиция келип, урушуп аткандарды кармаган да, ажыраткан да эмес.

Жекшембиде ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта ордо калаалык прокуратура өкүлү «кылмыш бетин ачууда милиция кызматкерлери эмне себептен шалаакы болушканы да текшерилет», - деген.

Маскөө шаардык прокуратурасынын укук бөлүмүн жетектечү Сергей Марченко кечээ
ИТАР-ТАСС агенттигине айткан жообунда бул окуя негизинде «билип туруп адам баласынын ден соолугуна орто саал деңгээлде зыян келтирүү» беренеси астында кылмыш иши козголду деген.

Анализчилер баамында, прокурор муну менен, кагылышуунун улуттар арасында касташуудан улам чыкканын көңүлдүн сыртында калтырып, демейде боло жүрчү кокустук катары, болгону, жаштардын тентектиги кылып көргөзүү аракетин жазоодо.

Мындан бир жарым жыл мурда, 2004-жылы 10-сентябрда ушуга окшогон окуя болгон. Ал жолу улуту боюнча авар, Орусиянын баатыры, космонавт Магомед Толбоевди маскөөлүк милиция кызматкерлери сабап кетишкен. Толбоев колунда күбөлүгүн көргөзсө да аны окуп чыккандан кийин да сабап салышкан. Ошол эске түшөт.

XS
SM
MD
LG